Борбордук шайлоо комиссиясы шаардык кеңештерге шайлоонун алдында партиялар үчүн семинар өткөрдү
18 октября 2024
17-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн окуу семинарын өткөрдү.
Семинарга Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясында катталган саясий партиялардын лидерлери, алардын шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты. Семинардын катышуучулары төмөндөгүлөр менен тааныштырылды:
- алдыдагы шайлоонун өзгөчөлүктөрү;
- шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери;
- аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби;
- шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелери;
- арыздарды жана даттанууларды кароонун тартиби;
- шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар үчүн юридикалык жоопкерчилик;
- добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби.
Ошондой эле административдик укук бузууларды кошуп алганда шайлоо мыйзамдарын бузуунун түрлөрү; шайлоо процессинин катышуучуларынын жазыктык жазалануучу жосундары; шайлоо процессинин катышуучуларынын аракеттерине жана аракетсиздигине даттануунун тартиби жана ыкмалары; актыларды түзүүнүн жана арыздарды берүүнүн эрежелери; шайлоо мыйзамдары бузулган учурда далилдерди чогултуу эрежелери ж.б. каралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгынывн ачык-айкындыгын жана аныктыгын камсыз кылуу максатында шайлоо процессинде колдонулган электрондук технологиялардын иши даана көрсөтүлдү.
БШКнын шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы М.Кожокеева жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү жана шайлоонун жыйынтыгын аныктоонун тартиби тууралуу баяндама жасады.
Шайлоонун каржылык аспектилери боюнча БШК мүчөсү, көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси И.Гаипкулов семинардын катышуучуларынын көптөгөн суроолоруна жооп берип, кеңири маалымдады. Алсак, шайлоо мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, үгүтчүлөр, байкоочулар, талапкерлердин ишенимдүү адамдары, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо өнөктүгү учурунда алышкан кирешелеринен киреше салыгы салынбайт жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү алынбайт. Ошондой эле үгүт жүргүзүү боюнча кызматтарына салыктар жана жыйымдар салынбайт. И.Гаипкулов үгүт иш-чараларын каржылоо шайлоо фонддору аркылуу гана жүргүзүлүшү керектигин эске салды.
Шаарларда 18-октябрдан, ал эми айылдарда 28-октябрдан тарта баштала турган шайлоо алдындагы үгүт иштеринин принциптери жана эрежелери боюнча БШК мүчөсү У. Жылкыбаев кеңири маалымат берди. Ал талапкерлер жана партиялар жалпыга маалымдоо каражаттары (анын ичинде интернет-басылмалар), социалдык тармактар аркылуу шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө; эл алдында үгүт иш-чараларын уюштурууга (митингдер, чогулуштар, теледебаттар); басма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын таратууга укуктуу экендигин белгиледи.
Ошону менен бирге негизги талап үгүт иштери административдик ресурсту колдонууга, үгүт иштерине катышууга тыюу салынган мамлекеттик кызматкерлердин, диний ишмерлердин, жашы жете элек балдардын жана бир катар башка категориядагы адамдардын катышуусуна; шайлоочуларды сатып алууга жана башка укук бузууларга
жол бербей, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде так жүргүзүлүшү керек. Ошондой эле шайлоонун катышуучулары тиешелүү Меморандумга кол коюу менен коомдо кабыл алынган моралдык-этикалык нормаларды сактоого милдеттенишкени баса белгиленди.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда БШКда даттанууларды жана арыздарды кароо боюнча катчылык иштеп турат. Мыйзам ар бир мыйзам бузуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө ыкчам маалымат алмашуу жана аны каттоо, кароонун жүрүшү жана кабыл алынган чечимдер Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде (КЖБР), БШКнын сайтында токтоосуз чагылдырылышын талап кылат.



















