Талас облусунун укук коргоо органдары шайлоолор боюнча окуудан өтүштү
18 октября 2024
Талас облусу жана Талас шаарынын укук коргоо органдары, 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген жергиликтүү кеңештердин шайлоолорун өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана коопсуздукту камсыздоо үчүн тартылган өкүлдөрү ЫЧКТ (Ыкчам чара көрүүчү топ ) алкагында тиешелүү окуудан өтүштү.
КР БШКсы Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү С. Макилов, М. Ажыгулов жана Башкы прокуратуранын өкүлү Т. Атабаев менен биргеликте окуу өткөрдү. Шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыздоо үчүн тартылган адамдардын ишинде мыйзамды бирдей колдонушун камсыздоо максатында, алар укук коргоо органынын кызматкерлерин төмөнкүлөр менен тааныштырышты:
- Ыкчам чара көрүү тобунун ишинин тартиби
- Шайлоо мыйзамдарына байланыштуу арыздарды каттоонун жана кароонун тартиби, ошондой эле кылмыштар жана укук бузуулар боюнча алдын ала өндүрүш жүргүзүү;
- Укук бузууларды аныктоодо жасала турган аракеттердин алгоритми, анын ичинде шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү учурунда добуш сатып алууга каршы чаралар, административдик ресурсту пайдалануу;
- Ар бир мыйзам бузуулар боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу оперативдик маалымат алмашуу механизми;
- Шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги нормалары;
- Укук бузууларды жана алар боюнча кабыл алынган чечимдерди КЖБР (Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри) жана БШКнын сайтында каттоо.
Келип түшкөн бардык арыздар жана укук бузуулар БШКнын укук бузуулардын жана сунуштардын ачык каралуусун камсыздоо үчүн түзүлгөн арыздар жана сунуштар реестрине катталышы керек.
КР БШК, Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура тарабынан уюштурулган окуу тренингине Талас шаары жана Талас облусунун 30дан ашык укук коргоо органынын кызматкерлери катышты.






