Бишкек АШК Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетенинде партиялардын кезегин аныктоо жана акысыз эфир убакытысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрдү

17 октября 2024

2024-жылдын 17-октябрында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 17-ноябрында өтө турган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын кезегин аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү.

Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча бюллетенде партиялар төмөнкүдөй тартипте жайгаштырылат:

1. «Адилет»

2. «Жаны күч - Новая сила»

3. «Ынтымак»

4. «Эмгек партиясы»

5. «Эл Үмүтү»

6. «Социал-демократтар»

7. «Улуу-Журт»

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шаардык кеңештерге шайлоо алдындагы үгүт иштери 2024-жылдын 18-октябрында, айылдык кеңештерге - 2024-жылдын 28-октябрында башталып, 2024-жылдын 16-ноябрында саат 08:00дө аяктайт.