Билим берүү жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери үчүн шайлоого катышууга эч кандай тоскоолдуктар болбоого тийиш
16 октября 2024
14-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо кломиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп өттү. Жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү маанилүү маселелердин бири болду.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А. Жапаров төмөн турган органдардан шайлоо мыйзамдарын так сактоону талап кылды, ал эми мыйзамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына бардык талапкерлердин шайлоого толук кандуу катышуусу үчүн бардык шарттарды түзүүнү талап кылат.
БШКнын төрагасы, Республикалык штабдын теңтөрагасы Н. Шайлдабекова жергиликтүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана билим берүү министрликтеринин жетекчилигине билим берүү жана саламаттыкты сактоо чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жана иш-аракеттери жергиликтүү мыйзам чыгаруу органдарынын ишинин сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берген айылдык интеллигенциянын башка өкүлдөрүнүн шайлоого катышуусуна жасалган бардык тоскоолдуктарды болтурбастан, алдыдагы шайлоого талапкерлерди тоскоолдуксуз көрсөтүү жана алардын катышуусу тууралуу «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоону камсыз кылуу чакырыгы менен кайрылды.
БШК билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилерине карата алар ѳздѳрүнүн ыйгарым укуктарын убактылуу токтотуу менен шайлоого катыша ала тургандыгы тууралуу норма сакталарын эске салат.
Талапкер иштеген, кызмат өтөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскердик бөлүктөрдүн командирлери жана органдардын башка тиешелүү кызмат адамдары талапкер арыз менен кайрылган учурдан баштап 3 календардык күндүн ичинде анын орточо эмгек акысын менчигинин түрүнө карабастан мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун билдирме менен токтотууга милдеттүү.
Ошондой эле шайлоолор жѳнүндѳ мыйзамдарда шайлоону өткөрүү убагында катталган талапкер администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча ишинен (кызматынан) бошотулбай же анын макулдугусуз башка ишке (кызматка) которулбай тургандыгы, аскер кызматына чакырылбай тургандыгы белгиленген. Катталган талапкердин шайлоого катышкан мезгили ал талапкер болуп катталганга чейин иштеген адистиги боюнча жаппы эмгек стажына эсептелет.
Катталган талапкер шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланган күнгө чейин аймактык шайлоо комиссиясынын макулдугусуз, кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, жазык жоопкерчилигине тартылбайт, кармалбайт, камакка алынбайт же сот тартибинде берилүүчү чараларга дуушар кылынбайт.
![]()
![]()
![]()
![]()
