Депутаттыкка талапкердин статусу жөнүндө маселеге карата: мыйзамдардагы жаңы нормалар
14 октября 2024
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жөнүндө мыйзамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкердин статусу жөнүндө норманы так аныктаарын эскертет.
Депутаттарды шайлоо «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын талаптарына ылайык өткөрүлөт.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ичинен жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин көрсөтүүдө «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын төмөнкү талаптарына өзгөчө көңүл бурууну өтүнөбүз.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын 17-беренесине ылайык:
Ушул Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, бардык талапкерлер тең укукка ээ жана бирдей милдеттерди аткарат.
Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат, эгер ал төмөндөгүлөрдөн болуп саналса:
-мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоо, дипломатиялык) карабастан, мамлекеттик кызматчы;
-муниципалдык кызматчы;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкери;
- мамлекеттик же муниципалдык мекеменин жетекчиси.
(Эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык мекеменин жетекчиси болуп саналса – бул тактоо, кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото туруу милдеттенмеси мамлекеттик же муниципалдык мекемелерде директор, башкы дарыгер, мектептин директору сыяктуу жана башка кызмат орундарын ээлеген талапкерлерге гана тиешелүү).
Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот, эгер ал төмөндөгүлөрдөн болуп саналса:
- мамлекеттик саясий кызматчы;
- жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, муниципалдык саясий кызматчы;
- 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүш менен катышкан мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, юридикалык жактын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчиси.
Юридикалык жак болуп саналган, мамлекеттин же жергиликтүү бийликтердин үлүшү уставдык капиталда 30 пайыздан ашыкты түзгөн уюмду жетектеген, ошондой эле анын бөлүмдөрүн (филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана д.у.с.) жетектөөнү кошуп алганда, жетекчинин кызмат орду.
Бул мисалы, мамлекет же муниципалитет акцияларынын 30% ашыгына ээ болгон мамлекеттик ишкананын директору же ушундай ишкананын филиалынын жетекчиси болушу мүмкүн.
- Талапкер иштеген, кызмат өтөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскердик бөлүктөрдүн командирлери жана органдардын башка тиешелүү кызмат адамдары талапкер арыз, рапорт менен кайрылган учурдан баштап 3 календардык күндүн ичинде анын орточо эмгек акысын менчигинин түрүнө карабастан мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун токтотууга милдеттүү.
- Жогоруда аталган Мыйзамда каралган талапкердин ишинин кепилдиктери «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамында каралган тартипте аймактык шайлоо комиссиясында катталган учурдан тартып башталат.
- Талапкердин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамында белгиленген укуктары жана кепилдиктери шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин, ал эми талапкер шайлоонун жыйынтыктарын аныктоого даттанган учурунда соттун чечими күчүнө киргенге чейин жайылтылат.
- Катталган талапкер аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялаган учурдан тартып, ал эми мөөнөтүнөн мурда шайлоодон чыгып калганда - шайлоодон чыгып калган учурдан баштап талапкердин статусу менен байланышкан укуктарын жоготот жана милдеттеринен бошотулат. Эгерде аймактык шайлоо комиссиясы кайталап добуш берүүнү дайындаса, кайталап добуш берилбей турган, катталган талапкерлер шайлоо комиссиясы кайталап добуш берүүнү дайындаган күндөн тартып өздөрүнүн статусун жоготот.
- Шайлоону өткөрүү убагында катталган талапкер администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча ишинен (кызматынан) бошотулбайт же анын макулдугусуз башка ишке (кызматка) которулбайт, аскер кызматына чакырылбайт.
- Катталган талапкердин шайлоого катышкан мезгили ал талапкер болуп катталганга чейин иштеген адистиги боюнча жаппы эмгек стажына эсептелет.
- Катталган талапкер шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялаган күнгө чейин аймактык шайлоо комиссиясынын макулдугусуз, кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, жазык жоопкерчилигине тартылбайт, кармалбайт, камакка алынбайт же сот тартибинде берилүүчү чараларга дуушар кылынбайт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын 45-беренесинин 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан шайлоо жана шайлануу укугун эркин жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык же болбосо башка жоопкерчилик тартаарын белгилөө керек.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мамлекетик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын жогоруда көрсөтүлгөн талаптарын сактоону камсыз кылууну суранат.
