Борбордо жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйыналышы болуп өттү

10 октября 2024

КР БШК жана Бишкек шаарынын мэриясы 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча шаардык кеңештин жыйналышын өткөрдү.
Жыйналышка КР БШКнын төрагасы – Республикалык штабдын теңтөрагасы Н. Шайлдабекова, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары М. Байгончоков, райондук администрациялардын башчыларынын орун басарлары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо оргадарынын жетекчилери, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү катышты.
Бишкек шаарынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоого даярдыктын жүрүшү жана аны өткөрүү, шайлоо процессинин мөөнөттөрү жана этаптары, шайлоону даярдоонун ар бир этабында тиешелүү органдардын милдеттери жөнүндө БШКнын маалыматы берилди.
Ушул этапта шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана аралыктан добуш берүүгө шайлоочуларды каттоо жүрүп жатат. ЕГРНдеги маалыматтардын тактыгын камсыз кылуу максатында Борбордук шайлоо комиссиясы СӨМ (калкты каттоо бөлүгүндө ыйгарым укуктуу орган) менен өз ара аракетте шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмелерин актуалдаштырууну күн сайын жүргүзүүдө.
Ушул убакта Бишкек шаарында калктын саны – 1 294 785. Алдын ала тизмеге ылайык Бишкек шаары боюнча шайлоочулардын саны 628 991ди түзөт, бул 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн КР ЖКнын депутаттарын шайлоого салыштырганда 133401 шайлоочуга көбөйдү. Бишкектин курамына 8 айылдык аймактын, 1 айылдын жана турак жай массивдеринин кошулуусу менен байланышкан маалыматтарды актуалдаштырууну толук аяктоо жөнүндө тапшырма берилген.
Шайлоочу шайлоочулардын тизмелеринен өзүн тактай алат жана так эместиктер болгон учурда 1-ноябрга чейин арыз бере алат.

Бишкекте аралыктан добуш берүү үчүн 4 участка ачылат:

  1. Ленин району – Кыргыз улуттук университетинин имараты, башкы корпус, Фрунзе көчөсү №547;
  2. Октябрь району - Октябрь райондук администрациясынын имараты, «Таберик» балдар музыкалык театрынын залы, Байтик Баатыр көчөсү №17;
  3. Биринчи Май району – К. Баялинов атындагы балдар жана уландар үчүн республикалык китепкананын имараты, Огонбаев көчөсү №242;
  4. Свердлов району - Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын имараты, Юсуп Абдрахманов көчөсү 167.

Добуш берүүнү өткөрүү Б. Конуров башында турган Бишкек аймактык комиссиясы тарабынан камсыз кылынат. Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 268 УШК ачылат. Мэрияга жана тиешелүү түзүмдөргө шайлоону өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын тоскоолдуксуз катышуусу үчүн шарттарды камсыз кылуу сунуштамаланган.
штабдын жетекчиси – Мэрдин биринчи орун басары М.Байгончоков шайлоону даярдоого көмөк көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө маалымдады: шайлоону даярдоого көмөк көрсөтүү үчүн бардык зарыл иш-чаралар, баарынан мурда участкаларды материалдык-техникалык жабдуу, үзгүлтүксүз электрэнергиясы, жылытуу, байланыш, техникалык колдоо үчүн автотранспорт менен камсыз кылуу маселелери, уюштуруучулук мүнөздөгү башка чаралар көз жаздымда экендигин маалымдалды.
Ошондой эле бул округда аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнүн, прокуратура жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн эсебинен түзүлгөн ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун алкагында (ЫЧКТ) комиссиялардын жана укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенишүүсү жөнүндө маалымат берилди. Жакынкы убакта шайлоодогу бузуулардын ар кайсы түрлөрүнө, баарынан мурда шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жана административдик ресурска каршы өз ара аракеттенүү жана алгоритмдер боюнча тренинг болот.
Бишкек мэринин биринчи орун басары М. Байгончоков шаардык кызматтарга участкалык шайлоо комиссияларынын материалдык-техникалык маселелерин ыкчам тартипте чечүүнү тапшырды, КР ӨКМБ участкалардын өрт коопсуздугуна көңүл буруу тапшырылды.
Ошондой эле бардык жеткиликтүү форматтарда жана борбордун аянтчаларында шайлоо жөнүндө шайлоочуларга маалымдоого көмөк көрсөтүүнүн даярдыгы билдирилди.