Шайлоо жабдуулары алдыда турган шайлоодо жаңыртылат

11 октября 2024

Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 12-июлундагы №144 тескемеси менен Министрлер Кабинетине Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия үчүн кийинки техникалык коштоо менен, шайлоо жана сервердик жабдууларды жаңылоо жана модернизациялоо менен шайлоону электрондук башкаруунун бирдиктүү программалык-техникалык комплексин түзүү боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүнү аныктоону тапшырды.

2024-2027-жылдардагы шайлоонун жаңы циклине жана үзгүлтүксүз функцияланышына карата БШК шайлоону электрондук башкаруунун бирдиктүү программалык-техникалык комплексин түзүү максатында 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоонун концепциясынын алкагында тиешелүү чечим кабыл алынды.

2015-жылда киргизилген Кыргыз Республикасынын шайлоо процессинин шайлоо технологиясы жабдуулардын төмөндөгү 3 тобун өзүнө камтыйт:

1. шайлоочуларды эсепке алуу үчүн - биометрикалык идентификациялоо үчүн жабдуу;

2. добуштарды эсепке алуу үчүн - автоматтык эсептөөчү урналар – АЭУ;

3. добуш берүүнүн жыйынтыктарын жыйынтыктоо үчүн – БШК борбордук сервери.

Алсак, алдыда болуучу жергиликтүү шайлоодо төмөнкү жаңыртылган жабдуулар колдонулат:

Идентификациялоонун айкалыштырылган түзүлүшү (5 компоненттүү жабдуунун ордуна 1 түзүлүш). Түзүлүш беттин геометриясы, манжалардын папилярдык издери боюнча идентификацияны камсыз кылат, кандай гана типте болбосун улуттук паспорттордун (анын ичинде электрондук документтин) маалыматтарын эсептейт жана идентификацияланган шайлоочуларга гана шайлоо бюллетенин басып чыгаруу функциясына ээ. Бул сарамжалдуу мамиле жасоо максаттарында аз эмес каражаттарды жана бюллетендерди басып чыгарууга, аларды жеткирүүгө ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт. (сүрөт)

Мурдагыдай эле жаңыланган функциясы бар, бирок натыйжалуулугу жакшыртылган АЭУ колдонулат,

Бардык участкалар видиобайкоо камералары менен жабдылат, бул алдыда болуучу кампаниянын жаңычылдыгы болуп саналат. УШК шайлоонун жүрүшүн фидиотартуу бардык шайлоо участкаларында жүргүзүлөт, бул айкындуулукту жакшыртат, шайлоочуларга добуш берүүнүн жүрүшүн байкоо мүмкүнчүлүгүн берет. Шайлоодо укук бузуулар болгондо болуп өткөндүн объективдүү картинасына ээ болуу, ошондой эле шайлоо талаш-тартыштары келип чыккан учурда пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттырат.

Бардык видиокамералар гранттык негизде алынат.

Шайлоону технологиялык камсыз кылуу бөлүгүндөгү бул чаралар шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн, шексиздигин жана айкындуулугун жогорулатуу, шайлоону электрондук башкарууну жакшыртуу жана жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусун кеңейтүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү үчүн иштелип чыккан.