Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстан жаштар кыймылы менен биргеликте «КАТЫШ! ТАНДА! ШАЙЛА!» акциясынын алкагында жаш шайлоочулар менен иш алып барууда

09 октября 2024

2024-жылдын 7-октябрында 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу маселелери боюнча «КАТЫШ! ТАНДА! ШАЙЛА!» акциясынын алкагында маалымат кербени сапар алды. .

И. Арабаев атындагы КМУнун жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясынын студенттери ушул акциянын алгачкы катышуучулары болду.

Кыргызстан жаштар кыймылынын лидери Ж.Бекназаров жаштар кербенинин максаты - бул жаштарды шайлоого катышууга тартуу, маалымдуулукту жакшыртуу жана өлкөнүн келечегин курууда ѳз ролун аңдап-түшүнүү, мамлекеттин шайлоо процесстерине активдүү катышуунун зарылдыгы болуп саналарын белгиледи.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова өлкөдөгү шайлоо реформасынын негизги этаптары, жетишкендиктер жана көйгөйлөр, жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлерге коюлуучу негизги талаптар жана шайлоо мыйзамдарынын жана процессинин нормаларына токтолду. Жаштар талапкер катары катыша алат, анткени курактык чек анчалык чоң эмес – 21 жаш. Эң негизгиси жаштардын шайлоочу катары катышуусу ѳтѳ маанилүү. Жаштар менен иштөө алардын шайлоого катышуусун арттыруу үчүн абдан маанилүү жана шайлоого даярдык көрүүдөгү маанилүү артыкчылыктардын бири болуп саналат.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, шайлоочулардын жалпы саны (2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоо мезгилинде) 3 703 420 адамды түздү, анын ичинен 18 жаштан 30 жашка чейинки 1 201 533 (32%) жарандар - жаш шайлоочулар.

Шайлоочулардын жалпы санынын ичинен 1 295 364 (35%) шайлоого катышты, анын ичинен 246 802 (19%) жаш шайлоочулар. Эгерде шайлоого катышкан жаш шайлоочулардын санын бардык жаш шайлоочулардын жалпы санына карата салыштырмалуу алсак, анда алардын активдүүлүгү 20,5% түзѳт.

2024-жылдын 8-февралында күчүнѳ кирген Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы №157 “Жаштар жѳнүндѳ” жаңы Мыйзамыныни жаштардын курагы 35 жашка чейин чоңойтулган. Азыр республика боюнча шайлоочулардын тизмесинин түзүмүндө жаш шайлоочулардын (18 жаштан 35 жашка чейинки курактагы) үлүшү 43,57%ды түзөт, бул 1735417 адамды түзөт.

Өзүнүн жергиликтүү коомчулугун өнүктүрүүгө салым кошууну каалаган жаштар үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрында өтөт.

Шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссиялар, КМШнын Аткаруу комитети, БДИПЧ ОБСЕ, ТүркПА, ШКУ, чет өлкөлүк шайлоо органдары жана башкалар Кыргызстанда шайлоого даярдыктын жана уюштуруунун жогорку деңгээлин белгилешти. Бирок ошол эле учурда шайлоочулардын активдүүлүгүнүн деңгээли жогоруласа жакшы болор эле. .

Эмне үчүн мындай болуп жатат?

Шайлоону бардык демократиялык стандарттарды сактоо менен анык, айкын жана ачык өткөрүү үчүн мамлекет бардык күч-аракетин жумшап, бардык шарттарды түздү.

Көптөгөн жарандар, өзгөчө жаштар ѳздѳрүнүн добушу эч нерсени өзгөртпөйт деп эсептешет. Мындай пикир шайлоонун натыйжалары шайлоочулар күткѳндѳрдү чагылдырбай, шайлоо формалдуулук катары кабыл алынган терс тажрыйбанын негизинде жаралууда.

Жаштардын колдоосу менен шайланган талапкерлер өздөрүнүн жоопкерчилигин, өсүп келе жаткан муундун мүдѳѳсүн жана кызыкчылыктарын эске алуу зарылдыгын түшүнѳрү бышык.

Президент, парламент биз колдонуп жаткан мыйзамдарды кабыл алууда, ал эми жергиликтүү кеңеш биздин күнүмдүк турмушубуздун маселелерин чечип жатат. Ошондуктан кимди тандаарыбыз ѳтѳ маанилүү. Жаштардын шайлоого жигердүү катышуусу парламентке жана жергиликтүү кеңештерге чыныгы кесипкѳй жана жооптуу талапкерлердин келүүсүнѳ кѳмѳктѳшѳрү шексиз.

Дээрлик кѳпчүлүк студенттер кичиь мекени менен терең байланышта. Алардын паспорту катталган кичи мекенинен же айылынан татыктуу талапкерди тандап алуусу үчүн алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аралыктан добуш берүү каралган. Бул ѳз округунан бюллетень алууга жана шаарды же айылды өнүктүрүү үчүн татыктуу депутаттык команданы тандоого мүмкүндүк берет.

Студенттер менен мындай жолугушуулар жакынкы аралыкта КМТУда, БМУда, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде, Салымбеков университетинде ж.б. болмокчу.