No13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунда сырттан добуш берүү жүрүп жатат

21 сентября 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 21-сентябрында, No13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча сырттан добуш берүү жүрүп жатат.

№13 Сузак шайлоо округу боюнча 81 УШКнын 15ине шайлоочуларга сыртта добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн 81 арыз берилген, анын ичинен:

• карылыгы боюнча – 32;

• майыптыгы боюнча – 22;

• ооруга байланыштуу – 27.

Маалымат үчүн:

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда 8ден 20 саатка чейинки аралыкта жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана жүргүзүлөт.