№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн шайлоочулардан жазуу жүзүндөгү арыздарды кабыл алуу аяктады

20 сентября 2024

2024-жылдын 19-сентябрында №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө шайлоочулардын жазуу жүзүндөгү арыздарын кабыл алуу аяктады.

№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 81 УШКнын 15ине шайлоочуларга орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн 81 арыз берилген, анын ичинен:

• карылыгы боюнча – 32;

• майыптыгы боюнча – 22;

• ооруга байланыштуу – 27.

Маалымат үчүн: Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу шайлоо участкасына добуш берүү үчүн келе албаган шайлоочулар “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык орун-жайдан тышкары жерде добуш берүүгө укуктуу. Ошондой эле:

• шайлоо күнү ооруканаларда же шектүүлөр менен айыпталгандардын камак жайларында жаткан шайлоочулар;

• алыскы жана барууга кыйын аймактарда, алыскы мал жайыттарында убактылуу жашаган шайлоочулар укуктуу.

Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча:

• добуш берүү күнү калктуу пункттардан алыс жайгашкан, обочолонгон жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары;

• добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери;

• үзгүлтүксүз иштөө цикли бар ишканаларда иштеген шайлоочулар;

• вахталык негизде иштеген шайлоочулар.

Добуш берүү күнүнө 2 күн калганда участкалык шайлоо комиссиясы өзүнүн участкасында добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.

Шайлоо участогунан тышкары добуш берүү

Добуш берүүчү орун-жайдан тышкары добуш берүү добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда 8ден 20 саатка чейинки аралыкта жана шайлоочунун добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган убакта, бирок добуш берүү күнүнө 2 календарлык күндөн кечиктирбестен берилиши мүмкүн.