КР БШК шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары өзгөртүлгѳндүгү, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында №1071 жаңы шайлоо участогу түзүлгөндүгү тууралуу билдирет

18 сентября 2024

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 17-сентябрындагы жыйынында Бишкек шаарындагы шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизип, №1071 жаңы шайлоо участогун түздү жана Бишкек шаарынын курамына кошулган айрым шайлоо участкаларынын номерлерин өзгөрттү.

Токтом Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдеринин негизинде жана “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде кабыл алынды.

№1071 жаңы шайлоо участогу Бишкек шаарынын Ленин районундагы Садыр Аке көчөсүндөгү №3/283 дарегиндеги И.Арабаев атындагы №102 орто мектептин имаратында жайгашкан.

Жаңыдан түзүлгөн №1071 шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмеси шайлоо участогунун чегинде каттоосу бар адамдардын санынан түзүлөт.

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкүлөр тапшырылды:

- № 1071 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү;

- жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында жаңыдан түзүлгѳн шайлоо участкасынын дареги, ошондой эле айрым шайлоо участкаларынын номерлерин ѳзгѳртүү жѳнүндѳ түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.