№13 Сузак шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоодо депутаттыкка талапкерлердин теледебаттары башталат

17 сентября 2024

2024-жылдын 19-сентябрында саат 20:30да УТРКнын “Жала-Абад” каналында №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин биринчи тобунун теледебаты болот.

Дебат түз эфирде кѳрсѳтүлѳт жана 2024-жылдын 19-20 сентябрында өтөт.

Теледебаттарга катышуу боюнча талапкерлер үчүн чүчүкулак 2024-жылдын 28-августтунда өткѳн.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого №13 Сузак шайлоо округу боюнча – 7 талапкер катышууда.

Талапкерлер ѳткѳрүлгѳн чүчүкулакка жараша өз ара бөлүнгѳн.

 

Датасы

Убактысы

Талапкерлердин аты-жөнү

19.09.2024

20:30

  1. Лилиенталь Юлия Викторовна
  2. Бегматов Бейшенбек Саматович
  3. Кошалиев Мелисбек Ысманалиевич
  4. Кылычбаев Алтынбек Таирович

20.09.2024

20:30

  1. Арапбаев Асилбек Ормонович
  2. Сейдахматов Жыргалбек Орозбекович
  3. Сапарбаев Медербек Мусаевич