КР БШКнын 2024-жылы 17 - сентябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
17 сентября 2024
Өткөрүү датасы: 17-сентябры 2024-ж.
Убактысы: 17:30
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. Шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун тексти жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. Бишкек шаарына кошулган шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы №15 токтому менен бекитилген Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айылдык аймагындагы шайлоо участоктордун схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
6. Чаткал, Өзгөн жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Мырзакматова Э.Т., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)
7. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 40 токтому менен бекитилген «Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча БШК КР
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Аскарбекова А.А. укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
8. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38 токтому менен бекитилген «Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жѳнүндѳ» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Аскарбекова А.А. укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
9. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 25-июлундагы №139 токтому менен бекитилген «Шайлоочунун кабинети» сервиси жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Аскарбекова А.А. укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
10. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-ноябрындагы №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Аскарбекова А.А. укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
11. Ар кандай маселелер
