КР БШКнын 2024-жылы 27 - августунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
27 августа 2024
Өткөрүү датасы: 27-август 2024-ж.
Убактысы: 11:30
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Гулмира Бекеновна Камбарованы №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Нурсултан Абдуллаевич Абдуллаевди каттоодон баш тартуу жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Бишкек жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. Кара-Суу, Манас жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Мырзакматова Э.Т. шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы).
5. Ар кандай маселелер
