Урматтуу шайлоочулар! Шайлоо участкалары саат 20.00гө чейин ачык
30 июня 2024
№5 Ноокат, №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын 2000ден ашык мүчөлөрү катышууда, атап айтканда:
- КР БШКнын 12 мүчөсү,
- округдук шайлоо комиссияларынын 36 мүчөсү;
- 175 участкалык шайлоо комиссияларынын 2214 мүчөсү.
Шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну жана коргоону камсыз кылуучу коллегиалдуу органдар болуп саналат.
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү мыйзам чегинде шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча зарыл билимге жана көндүмдѳргө ээ. Алар шайлоо участкасына келген ар бир шайлоочуга колдоо көрсөтүп, жардам берүүгө даяр.
Шайлоо участкалары бардык зарыл болгон добуш берүү жабдуулары жана маалымат материалдары менен жабдылган. Шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн максималдуу шарттар түзүлгѳн.
Жарандык позицияңызды кѳрсѳтүп, добуш бериңиз! Өз округуңуздан өлкөнүн парламентине татыктуу депутатты тандаңыз. Сиздин добушуңуз маанилүү!
Участкалар саат 20.00гө чейин ачык.
