Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлерге КАЙРЫЛУУСУ

29 мая 2024

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлерге кайрылуусу.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги жана 16-майындагы Жарлыктары менен №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024 жылдын 30-июнь, жекшемби күнүнө дайындалды.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 23-беренесине ылайык: “Шайлоо алдындагы үгүт иштери бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт».

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 10-бөлүгү менен шайлоо алдындагы үгүт деп төмөнкүлөр белгиленген:

1) айрым талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин жактап же аларга каршы добуш берүүгө үндөө;

2) айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата артыкчылык билдирүү;

3) талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин шайланып же шайланбай калганындагы мүмкүн болуучу кесепеттерге баа берүү;

4) талапкерлердин алардын кесиптик ишине же алардын кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланышпаган иши жөнүндө маалыматтарды жайылтуу.

Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлерге, саясий партияларга конституциялык мыйзамда белгиленген нормаларды бузган аракеттерге жол бербөөнү чечкиндүү түрдө сунуштайт.

Ошондой эле мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактар аркылуу басма сөз, аудиовизуалдык жана башка материалдарды таратууга жол бербөөгө чакырат.