КР БШКнын 2024-жылы 30-апрелинде өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

30 апреля 2024

Өткөрүү датасы: 30 апрель 2024-ж.

Убактысы: 16-30

Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

 

1. 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

2. Шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун тексти жөнүндө

(баяндамачыМырзакматова Э.Т., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)

3. 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Ноокат жана Ысык-Көл округдук шайлоо комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө

(баяндамачыМырзакматова Э.Т., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)

4. 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо участкалары үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

5. 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча жумушчу топторду түзүү жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

6. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Сокулук, Ноокен, Аксы, Ысык-Көл жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

7. Ар кандай маселелер