Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо: шайлоо участкаларынын 91% пандустар менен жабдылган

28 апреля 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Койчукеев шайлоочулардын активдүүлүгү, ошондой эле майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн 198 шайлоо участогу ачык. Керектөөлөр картасына ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын саны 132 шайлоо участогунда 685 адамды түздү, бул Ош, Баткен шаарларындагы, Баткен облусундагы Баткен, Кадамжай райондорундагы жана Ош облустундагы Кара-Суу районундагы (1095 адам) майыптыгы бар шайлоочулардын жалпы санынын 62,5% түзөт же алардын республикадагы жалпы санынын 3,7%ы (18541 адам) түзѳт.

Шайлоо округдары боюнча:

- №2 Баткен шайлоо округу боюнча – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 221 шайлоочу;

- № 7 Ош шайлоо округу боюнча – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 226 шайлоочу;

- №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 238 шайлоочу

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча 198 шайлоо участкасынын 181и пандустар менен жабдылган (91%), 13 шайлоо участкасында пандустарды орнотуунун зарылдыгы жок.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу, анын ичинде добуш берүү үчүн жайлардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарга атайын жардам көрсөтүү каражаттары менен камсыз кылуу боюнча системалуу саясатты жүргүзүп келет.

Белгилей кетсек, ар бир шайлоо участогу добуш берүү үчүн атайын кабина, лупа, трафареттер, шайлоо участогуна кире бериште чакыруу конапткасы менен камсыздалган. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга маалымат берүү үчүн Брайль шрифти аркылуу маалыматтык плакаттар даярдалды.

Добуш берүүчү кабиналардын биринде туурасы 40 см. кем эмес, тереңдиги 30 см. кем эмес шайлоо бюллетенин толтуруу үчүн орун (стол, текче, стенд ж.б.) жабдылган, полдун деңгээлинен

75 см. ашпаган бийиктикте жайгашкан

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу прокурордук көзөмөлдүн предмети болуп саналат.

Үгүт материалдарынын жеткиликтүүлүгү үчүн шарттар түзүлдү: депутаттыкка талапкерлер үгүт материалдарын сурдокотормо же субтитр аркылуу, окууга оңой болгон чоңойтулган шрифтте басылган, ошондой эле Брайль шрифти же башка атайын каражаттарды колдонуу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларга үгүт материалдарынын жалпы тиражынын бир пайызынан кем эмес өлчөмдө басып чыгарууга жана жайылтууга милдеттүү.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, активдүү шайлоо укугуна ээ, оорулардын, жаракаттардын кесепеттеринен же угуунун, көрүүнүн жана таяныч-кыймыл аппаратынын функцияларынын бузулушунан улам келип чыккан ден соолугунун бузулушу менен ооруган Кыргыз Республикасынын жарандары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар болуп саналат. Ушуларды эске алуу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруу үчүн мамлекет алардын укуктарын ишке ашыруу үчүн атайын уюштуруучулук жана маалыматтык шарттарды түзөт.

Маалымат иретинде: Участкалык шайлоо комиссияларына сыртта добуш берүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн 226 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран кайрылган, бул арыз бергендердин жалпы санынын 37,3%ын (606 адам) түзөт. Мүмкүнчүлүгү чектелген 226 жарандын 212си добуш берди.