2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептери боюнча акча каражаттарынын кыймылы туура

28 апреля 2024

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоо жѳнүндѳ маалымат берген.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн 42 талапкер көрсөтүлүп, 36 талапкер катталган, 6 талапкер шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызын чакыртып алган. 6 талапкер андан ары шайлоого катышуудан баш тартты, 1 талапкерди каттоо жокко чыгарылды.

 

Мыйзам нормаларына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин шайлоо фонддору төмөнкүдөй акча каражаттарынан түзүлүшү мүмкүн*:

• талапкердин 150 000 сомдон ашпаган жеке каражаттары;

• 1 000 000 сомдон ашпаган саясий партиянын өздүк каражаттары;

• ар бири 200 000 сомдон ашпаган жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары;

• ар бири 500 000 сомдон ашпаган юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары.

Мында талапкердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунан түшкөн жана сарпталган каражаттардын максималдуу өлчөмү 10 000 000 сомдон ашпашы керек;

* Шайлоо фонддору «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык тыюу салынбаган адамдар жана уюмдар тарабынан түзүлүшү мүмкүн.

«РСК Банк» ААК жана «Айыл Банк» ААК мекемелеринен «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу реалдуу убакыт режиминде келип түшкөн банктык маалыматтарга ылайык, 2024-жылдын 27-апрелине карата талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебине жалпысынан 27 010 975,0 сом түшкөн, анын ичинен кайрымдуулуктун түрлөрү боюнча (кайрып берүүлѳрдү жана туура эмес көрсөтүлгөн төлөм коддорун эске алуу менен) төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

 

 

Кайрымдуулуктун түрлѳрү

%

Суммасы, сом

Шайлоонун/референдумдун фонддоруна каражаттардын түшүүсү, анын ичинде:

100%

24 841 175,0

55221000 – Талапкердин ѳздүк каражаттары:

15,0%

3 716 000,0

55222000 – Саясий партиянын ѳздүк каражаттары:

0.8%

 

55223000 – Жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары:

78,5%

19 496 695,0

55224000 - Юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары :

0.0%

0

Тѳлѳмдѳрдүн туура эмес коддору, анын ичинде:

20,2%

5 011 644,0

 

Бир мандатуу шайлоо округдары боюнча :

 

Шайлоо округдарынын аталышы

Түшкѳнү, сом

%

Чыгымдалганы, сом

%

Баары:

27 010 975,0

100%

25 924 925,2

100%

№2 Баткен

4 482 800,0

16,6%

4 076 897,0

15,73%

№7 Ош

13 580 804,0

50,28%

13 101 232,2

50,54%

№9 Кара-Суу

8 947 371,0

33,12%

8 746 796,0

33,74%

 

 

Шайлоо алдындагы үгүт иштерине байланыштуу чыгымдарды жабууга талапкерлердин шайлоо фонддорунан 25 924 925,2 сом сарпталган (анын ичинде кайтарып берүүлѳр жана туура эмес көрсөтүлгөн төлөм коддору), алар чыгашалардын төмөнкү түрлөрү боюнча бөлүштүрүлгөн:


 

Чыгашалардын беренелери

%

Суммасы, сом

Шайлоо фонддорунан чыгымдалган каражаттар, анын ичинде:

100%

23 755 125,2

10000000 – Мамлекеттик бюджетке кирешелер боюнча тѳлѳмдѳр, баары:

0,0%

1100,0

14511900 – Башка салыктык эмес кирешелер (Шайлоо күрѳѳсүн тѳлѳѳ)

17,5%

4 146 060,0

41000000 – Товарлар ѳүчүн тѳлѳмдѳр, анын ичинде:

1,5%

346 316,0

42000000 – Кызмат кѳрсѳтүүлѳр үчүн тѳлѳмдѳр, баары:

6,8%

1 618 349,0

42120000 – Коммуналдык кызмат кѳрсѳтүүлѳр жана байланыш кызматтары, баары:

0,2%

41994,0

42122000 – Байланыш кызматтары, анын ичинде:

0,2%

41994,0

42131000 – Ижара акысы, анын ичинде:

5,4%

1 289 500,0

42151000 – Башка кызмат кѳрсѳтүүлѳр (маалыматтык жана консультативдик мүнѳздѳгү кызмат кѳрсѳтүүлѳр), анын ичинде:

1,2%

286 855,0

  1. –Кызматкерлердин эмгек акысына тѳлѳѳ (операторлордун, ыйгарым укуктуулардын жана ишенимдүү адамдардын, ѳкүлдѳрдүн ж.б. кызматына тѳлѳѳ), баары:

28,7%

6 824 805,0

46000000 – Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматтарына, анын ичинде:

29,9%

7 106 417,20

Тѳлѳмдѳрдүн туура эмес коддору, анын ичинде:

10,5%

2 498 564,0

 

 

Талапкерлердин шайлоо фонддорунун келип түшүүсү жана чыгымдалышы боюнча кененирээк маалыматты БШКнын расмий сайтынан тапса болот (Талапкерлер жана партиялар маалымат ресурсу/Бир мандаттуу шайлоо округу («№ 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу»; №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу» № 9 Кара-Суй бир мандаттуу шайлоо округу)/Шайлоо фонду) https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/parliamentary шилтемеси боюнча

 

Тлапкерлердин шайлоо фонддорунун банктык маалыматтарына шилтемелер:

- №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча: https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/okrg_candidate/1694/37

 

- №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча::

https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/okrg_candidate/1696/37

 

- №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча:

https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/okrg_candidate/1695/37

 

КР БШК алдындагы кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу