Джетигенов Азимжан Дженишбекович Чүй облусунун Чүй районунун жаңыдан түзүлгөн Биримдик айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

21 февраля 2024

 

 2024-жылдын 21-февралында Чүй облусунун Чүй районунун жаңыдан түзүлгөн Биримдик айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 11733 адам жашаган Кош-Коргон айыл аймагы Искра, жана Сайлык айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Биримдик айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 33 депутатты түздү: Кош-Коргон  кеңешинин 11 депутаты, Искра кеңешинин 11депутаты жана Сайлык кеңешинин 11 депутаты.

Биримдик айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Буйлашева Бурулкан Каиповна депутат ачып, төрагалык кылды.

Кош-Коргон, Искра жана Сайлык айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Бекетаев Заирбек Замирбекович шайлоого катышуудан оз каалосу менен баш тарты. Нурдинов Камчыбек Асанкулович жана Джетигенов Азимжан Дженишбекович  шайлоо болуп өттү.

Сессияга бириккен Биримдик айыл аймагынын 30 депутаттары катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 18 добуш алып, Джетигенов Азимжан Дженишбекович   бириккен Биримдик айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды

 

Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү