Джапаркулов Турусбек Уваделдаевич Талас облусунун Манас районунун жаңыдан түзүлгөн Семетей айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

21 февраля 2024

2024-жылдын 21-февралында Талас облусунун Манас районунун жаңыдан түзүлгөн Семетей айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 16 705 адам жашаган Семетей айыл аймагы Покровка жана Кайыңды (Сары-Булак жана Нылды айылдарынан сырткары)  айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Семетей айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 29 депутатты түздү: Покровка кеңешинин 21 депутаты жана Кайыңды (Сары-Булак жана Нылды айылдарынан сырткары)   кеңешинин 8 депутаты.

Семетей айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Томоева Акылбюбю Бейшебековна депутат ачып, төрагалык кылды.  

Покровка айыл аймагынын учурдагы төрагасы Джапаркулов Турусбек Уваделдаевичке шайлоо болуп өттү.   

Сессияга бириккен Семетей айыл аймагынын 29 депутаттары катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 25 добуш алып, Джапаркулов Турусбек Уваделдаевич бириккен Семетей айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

        

Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү