Иманалиев Канатбек Эркинович Талас облусунун Айтматов районунун жаңыдан түзүлгөн Шекер айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды
21 февраля 2024
2024-жылдын 21-февралында Талас облусунун Айтматов районунун жаңыдан түзүлгөн Шекер айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.
Жалпы 13 162 адам жашаган Шекер айыл аймагы Көк-Сай жана Шекер айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.
Шекер айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 42 депутатты түздү: Көк-Сай кеңешинин 21 депутаты жана Шекер кеңешинин 21 депутаты.
Шекер айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Исмантаев Сейдакпар Исакович депутат ачып, төрагалык кылды.
Көк-Сай жана Шекер айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Салыбеков Талгат Качкынбаевич жана Иманалиев Канатбек Эркинович шайлоо болуп өттү.
Сессияга бириккен Шекер айыл аймагынын 39 депутаттары катышты.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 38 добуш алып, Иманалиев Канатбек Эркинович бириккен Шекер айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Маалымат үчүн:
2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.
Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.
Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:
“Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.
Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат”.
КР БШК маалымат бөлүмү



