Мурзаев Асабидин Аттокурович Ош облусунун Кара-Суу районунун жаңыдан түзүлгөн Отуз-Адыр айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды
21 февраля 2024
2024-жылдын 21-февралында саат 10:00дө Ош облусунун Кара-Суу районунун жаңыдан түзүлгөн Отуз-Адыр айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.
Жалпы 30462 адам жашаган Отуз-Адыр айыл аймагы Отуз-Адыр жана Сары-Колот айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 42 депутатты түздү: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 21 депутаты жана Сары-Колот айылдык кеңешинин 21 депутаты.
Отуз-Адыр айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Аматов Акбуура депутат ачып, төрагалык кылды.
Отуз-Адыр жана Сары-Колот айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Мурзаев Асабидин Аттокурович жана Молдоев Нургазы Ильязовичтин (катышуудан баш тартты) ортосунда шайлоо болуп өттү.
Сессияга бириккен Отуз-Адыр айыл аймагынын 34 депутаттары катышты.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 34 добуш алып, Отуз-Адыр бириккен Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы болуп Мурзаев Асабидин Аттокурович шайланды.
Маалымат үчүн:
2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.
Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.
Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:
“Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.
Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат”.
КР БШК маалымат бөлүмү




