Жороева Гулкан Опоновна Ош облусунун Өзгөн районунун жаңыдан түзүлгөн Мырза-Аке айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

20 февраля 2024

2024-жылдын 20-февралында Ош облусунун Өзгөн районунун жаңыдан түзүлгөн Мырза-Аке айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 23577 адам жашаган Мырза-Аке айыл аймагы Мырза-Аке жана Алтын-Булак айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Мырза-Аке айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 32 депутатты түздү: Мырза-Аке кеңешинин 21 депутаты жана Алтын-Булак кеңешинин 11 депутаты.

Мырза-Аке айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу  Турдукеев Шермахамат Сагындыкович депутат ачып, төрагалык кылды.

Мырза-Аке жана Алтын-Булак айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Жороева Гулкан Опоновна жана Разакова Замира Жаныбековна (баш тартты)  шайлоо болуп өттү.

Сессияга бириккен Мырза-Аке  айыл аймагынын 30 депутаттары катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 30 добуш алып, Жороева Гулкан Опоновна бириккен Мырза-Аке айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

 

 

Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү