Арапов Расулбек Турганбаевич Ош облусунун Ноокат районунун жаңыдан түзүлгөн Көк-Жар айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды
20 февраля 2024
2024-жылдын 20-февралында Ош облусунун Ноокат районунун жаңыдан түзүлгөн Көк-Жар айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.
Жалпы 33462 адам жашаган Көк-Жар айыл аймагы Көк-Жар, Найман жана Он-Эки-Бел айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.
Көк-Жар айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 58 депутатты түздү: Көк-Жар кеңешинин 31 депутаты, Найман кеңешинин 11 депутаты жана Он-Эки-Бел кеңешинин 16 депутаты.
Көк-Жар айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу депутат Жалалов Төрөкелди ачып, төрагалык кылды.
Найман айыл аймагынын учурдагы төрагасы Сатар уулу Асилбек жана Он-Эки-Бел айыл аймагынын учурдагы төрагасы Абдыкаимова Бүзайнап Абдимиталиповна өз каалоолору менен талапкеликтен баштартуу жөнүндө арыз бергендиктен Көк-Жар айыл аймагынын учурдагы төрагасы Арапов Расулбек Турганбаевич боюнча шайлоо болуп өттү.
Сессияга бириккен Көк-Жар айыл аймагынын 48 депутаттары катышты.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 48 добуш алып, Арапов Расулбек Турганбаевич бириккен Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Маалымат үчүн:
2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.
Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.
Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:
“Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.
Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат”.
КР БШК маалымат бөлүмү



