Барыктабасов Бекжан Барыктабасович Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жаңыдан түзүлгөн Ак-Терек айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

20 февраля 2024

2024-жылдын 20-февралында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жаңыдан түзүлгөн Ак-Терек айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 13986 адам жашаган Ак-Терек айыл аймагы Ак-Терек жана Көл-Төр айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Ак-Терек айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 32 депутатты түздү: Ак-Терек кеңешинин 21 депутаты жана Көл-Төр кеңешинин 11 депутаты.

Ак-Терек айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу  депутат Атантаева Гүлзат Талиповна ачып, төрагалык кылды.

Ак-Терек жана Көл-Төр айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Мамбетов Акжол Абдырахманович жана Барыктабасов Бекжан Барыктабасовичтин ортосунда шайлоо болуп өттү.

Сессияга бириккен Ак-Терек айылдык кеңешинин 26 депутаттары катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 16 добуш алып, Барыктабасов Бекжан Барыктабасович бириккен Ак-Терек айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

 

         Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү