Отунчиев Талайнур Ахмаджанович Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун жаңыдан түзүлгөн Шамалды-Сай шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды

20 февраля 2024

2024-жылдын 20-февралында Жалал-Абад облусунун Ноокен  районунун жаңыдан түзүлгөн Шамалды-Сай шаардык  кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы  11613 адам жашаган  Шамалды-Сай шаарында  түзүлгөн.

Шамалды-Сай шаардык кеңеши 10 депутаттан түзүлдү.

Шамалды-Сай шаардык кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Чаргынова Сабиракан Туралыевна  депутат ачып, төрагалык кылды.

Сессияга Шамалды-Сай шаардык кеңешинин 10 депутаты катышты.

Шамалды-Сай шаардык кеңешинин төрагалык  кызматына  Джумаев Асылбек Султаналиевич жана  Отунчиев  Талайнур Ахмаджановичтин талапкерлиги көрсөтүлдү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 6 добуш алып,  Отунчиев  Талайнур Ахмаджанович  Шамалды-Сай шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

 

         Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү