Мамбетов Элнар Асангазиевич Ысык-Кѳл облусунун Ысык-Кѳл районунун жаңыдан түзүлгөн Тору-Айгыр - Тамчы айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

20 февраля 2024

2024-жылдын 20-февралында Ысык-Кѳл облусунун Ысык-Кѳл районунун жаңыдан түзүлгөн Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 11731 адам жашаган Тору-Айгыр–Тамчы айыл аймагы Тору-Айгыр жана Тамчы айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Тору-Айгыр - Тамчы айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 22 депутатты түздү: Тору-Айгыр кеңешинин 11 депутаты жана Тамчы кеңешинин 11 депутаты.

Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Калдыбаева Билимкан Избукаровна депутат ачып, төрагалык кылды.

Тору-Айгыр  жана Тамчы  айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын: Эмилбекова Эльмира Дакеновна   жана Мамбетов Элнар Асангазиевич ортосунда шайлоо болуп өттү.

Сессияга бириккен Тору-Айгыр - Тамчы айыл аймагынын 19 депутаттары катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 12 добуш алып, Мамбетов Элнар Асангазиевич бириккен Тору-Айгыр - Тамчы айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

 

Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү