КР БШКсы Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата жазуучунун китептерин белекке таратты
12 декабря 2023
Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 12-декабрда Бишкек шаарынын тургундарына жазуучунун чыгармаларын таратты.
Иш-чара 1928-жылы 12-декабрда туулган кыргыз жана дүйнөлүк адабияттын көрүнүктүү классиги Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналды.
Анын чыгармачылыгын жайылтуу, ойчулдун идеяларын жана баалуулуктарын сактоо, коомдо жарандык идеяларды жайылтуу максатында борбор калаанын тургундарына жана конокторуна жазуучунун эң белгилүү чыгармалары таратылды: “Ак кеме”, “ Биринчи мугалим», «Гүлсарат» жана башкалар.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы бардык мекендештерди маанилүү жана өзгөчө дата – жазуучу, ойчул, коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 95 жылдыгы менен куттуктайт.
Ч.Айтматовдун философиялык чыгармалары дүйнөлүк атак-даңкка ээ болуп, 128 өлкөдө 176 тилде 100 миллион нускадан ашык тираж менен жарык көргөн.
Албетте, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы абийирликти жана атуулдукту чыгармаларында тынымсыз көтөрүп, бул темаларды өнүктүрүүгө жардам берет.
«Абийир – атуулдуктун кыймылдаткыч күчү», - деп жазган ал, «чыныгы адамдык маңызы ал өзүнүн абийирине ылайык жашаганда, иш-аракети өзүнүн абийири, ички дүйнөсүнө жараша жашашы керек, анткени абийир - негизги жана жаңылбас сот", - деп белгилеген.
Жарандык - бул коомдук турмушка катышууга, өлкөнүн жана элдин таламдарын коргоого, анын ичинде шайлоодо абийирине жараша добуш берип, татыктууларды шайлап, ошону менен мамлекетти жана коомду туура багытта өнүктүрөт.
Абийири бар шайлоочу активдүү жарандык позицияны карманууга көбүрөөк ыктайт. Ал коомдук турмушка катышууга, өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, башка адамдарга жардам берүүгө умтулат.
Ошентип, абийир атуулдуктун жана мамлекеттүүлүктү өнүктүрүүгө шарт түзгөн маанилүү фактор болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Чыңгыз Айтматовдун элесин жана анын кыргыз жана дүйнөлүк маданиятты өнүктүрүүгө кошкон салымын ыраазычылык менен баалайт.
Акциянын видеосу шилтемеде жайгаштырылган















