БШК шайлоочуларга Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер жөнүндө маалыматтар менен таанышууну сунуштайт

08 октября 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 8-октябры Саруу айылдык кеңешининдепутаттарын шайлоо күнү. Барлыгы болуп 21 депутат шайланат, алардын ичинен округдарда 9 мандат аялдар үчүн резервгекалтырылган.

 

Шайлоолого катышуу үчүн Саруу айылдык кеңешининдепутаттыгына 41 талапкер, алардын ичинен 13 аялдар катталган.

 

БШК «Талапкер» https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_aiyl маалыматресурсунан депутаттыкка талапкерлер жөнүндө маалыматтарменен таанышууну сунуш кылат.

 

Бул ресурста шайлоочу ар бир талапкер боюнча кеңиримаалыматтарды: талапкер жөнүндө, шайлоо алдындагыпрограммасы жана шайлоо фондусунун каражаттарынынкыймылы тууралуу жалпы маалыматты, таба алат:

 

Ошондой эле шайлоочу шайлоо участкаларында илингенплакаттардагы талапкерлер жөнүндө маалыматтар менентааныша алат.

 

Жергиликтүү кеңештерлдин депутаттыгына талапкерлержөнүндө шайлоочуларды маалымдоо максатында БШК облустукгезитинде маалыматтарды жарыялаган.

«Ысык-Көл кабарлары» - 21.09.2023-ж. №32(118135)

Урматтуу шайлоочулар, маалымат алыптуруңуз, аң-сезимдүү жана эркин добуш бериңиз, элдин татыктуу өкүлдөрүн тандаңыз!

плакат 1

плакат 2 

плакат 3

 

КР БШКнын маалымат бөлүмү