БШК саруулуктарды шайлоодо жарандык позициясын кѳрсѳтүү менен добуш берүүгѳ активдүү катышууга жана Саруу айылдык кеңешине ѳздѳрүнүн ѳкүлдѳрүн шайлоого чакырат
08 октября 2023
Бүгүн 2023-жылдын 8-октябрында Ысык-Кѳл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо ѳтүп жатат.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды шайлоодо ѳздѳрүнүн жарандык позициясын билдирүүгѳ чакырыт.
Маалымат иретинде:
Жергиликтүү кеңеш – бул жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органы, анын ыйгарым укуктары тийиштүү аймакка жайылтылат.
Жергиликтүү кеңеш 4 жылдык мѳѳнѳткѳ шайланат жана жергиликтүү маанидеги тѳмѳндѳгү маселерлерге жооп берет:
-
Аймакты экономиакылк ѳнүктүрүү;
-
Муниципалдык менчикти башкаруу;
-
Таза суу менен камсыз кылуу жана канализациянын иштешинкамсыз кылуу;
-
Жолдордун иштеп турушу жана жарык берүү;
-
Кѳрктѳндүрүү жана коомдук транспорттун иштеши;
-
Турмуш-тиричиилк калдыктарын чыгаруу жана жарнактарды жайгаштыруу;
-
Курулуш жана жерди пайдалануу;
-
Коомдук тартипти сактоо жана эс алууну уюштуруу жана жергиликтүү маанидеги башка маселелер.
Урматтуу Саруу айылдык кеңешинин шайлоочулары!
Жергиликтүү кеңештин депутаттары үчүн добуш берүү менен Сиз ѳзүңүздүн айылда жашоо турмуш кандай уюштуруларын тандайсыз!
Сиздин тандоо – биздин жалпы келечегибиз!






