БШКда Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнүн жүрүшүнѳ байкоо жүргүзүү борбору уюштурулду
05 октября 2023
КР БШК коомдук байкоо жүргүзүү борборунда Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо пилоттук аралыктан добуш берүүнүн жүрүшүнѳ байкоо жүргүзүүгѳ коомдук байкоочуларды жана ЖМКларды чакырат.
Коомдук байкоо жүргүзүү борбору КР БШК имаратында: Бишкек шаары, Пушкин кѳчѳсү, 50 дарегинде жайгашкан.
Маалымат иретинде:
2023-жылдын 8-октябрында Ысык-Кѳл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо ѳткѳрүлѳт, шайлоодо биринчи жолу пилоттук аралыктан добуш берүү апробацияланат.
Саруу айылдык кеңешинде 3 шайлоо округу жана 4 шайлоо участкасы түзүлгѳн.
Корутунду тизмеде шайлоочулардын саны 6062 адамды түзѳт.
Бишкек шаарында аралыктан добуш берүү жѳнүндѳ ниетин билдиришип, тапшырык беришкен шайлоочулардын саны 110 адамды түзѳт.
Саруу айылдык кеңешинин 21 депутатын шайлоо алдыда турат, алардын ичинен 9 мандат аялдар үчүн резервге алынган.
КР БШК басма сѳз кызматы
