Ленин округунун шайлоо участкаларында ДСМЧ адамдар үчүн шарттар камсыз кылынган
10 сентября 2023
Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү алкагында жана майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашыруу, добуш берүү үчүн орун-жайларга жетүүнү камсыз кылуу, аларды атайын жардам берүүчү каражаттар менен жабдуу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунун ар бир участкасы боюнча керектѳѳ картасы түзүлгѳн.
БШКнын тѳрагасынын орун басары Н. Койчукеев билдиргендей, керектѳѳ картасына ылайык № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча майыптыгы барн жарандардын жалпы саны 1117 адамды, же болбосо шайлоочулардын контролдук тизмесине киргизилген 127 239 шайлоочунун санынын 0,9 % түзгѳн. Майыптыгы бар ар бир жарандын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында алардын жашаган дареги, майыптыгынын түрү жана тобу такталган.
51 шайлоо участкаларынын ичинен 476 уачсткага пандус коюлган, 4 шайлоо участкасына пандусту орнотуунун зарылдыгы жок. Ошентип № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо участкаларынын 92,2 % пандустар менен камсыз кылынган.
Мындан тышкары, орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жѳнүндѳ арыз менен 113 адам кайрылган, алардын ичинен 2023-жылдын 9-сентябрында майыптыгы бар бардык 19 шайлоочу (16,8%) добуш беришкен.
Ошондой эле БШКнын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо жана үгүт эрежелери маселелери боюнча жумушчу топко 8 арыз келип түшкѳн.
Келип түшкѳн арыздардын, кайрылуулардын мүнѳздѳрү:
- мүмкүн шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жѳнүндѳ -1;
- шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүт шарттарын бузуу, анын ичинде талапкердин ар-намысын, кадыр баркын жана иштиктүү аброюн булгаган жарыяланмалар боюнча – 5;
- талапкерлерди каттоо боюнча – 2.
БШК/АШК/УШК тарабынан кабыл алынган чаралар:
- айып пул салуу – 2;
- мѳѳнѳтүнѳн мурда үгүт жүргүзгѳндүгү үчүн талапкерге жазуу жүзүндѳ эскертүү берүү - 1;
- кайрылуулар боюнча талаптарды канаатандыруудан баш тартуу тууралуу чечим чыгаруу -2;
- жумушчу топтун кароосунда – 2.










