Бүгүн Ленин округунан парламенттин депутаттыгына талапкерлердин УТРК каналында теледебаты башталат

05 сентября 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 5-сентябрында 22.20 саатта УТРКда №26 Ленин бир мандатуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин биринчи тобу үчүн теледебат болот. Дебат түз эфирде тартылып кѳрсѳтүлѳт жана 2023-жылдын 5-сентябрынан 8-сентябрын кошуп алган мезгилге улантылат.

УТРК каналында теледебатка катышуу үчүн талапкерлерге чүчүкулак Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан 2023-жылдын 22-августунда ѳткѳрүлгѳн.

№26 Ленин бир мандатуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого 24 талапкер катышууда.

УТРКда талапкерлердин катышуусу менен теледебаттын графиги:

ДАТАСЫ

УБАКТЫСЫ

ТАЛАПКЕРДИН ФАА

 

2023-жылдын 5-сентябры

22:20

Искаков Эртай Дуйшобекович

Бакир уулу Турсунбай

Какчекеев Токтогул

Шаршембиев Бакыт Нурджанович

Мамытов Токтокучук Болотбекович

Кадыралиева Ыргал Кармышаковна

2023-жылдын 6-сентябры

22:20

Исмаилова Карачач Джумаевна

Мамаев Сулайман Шамшиевич

Алмаз уулу Аскар

Самаков Кубанычбек Карганбекович

Саралаева Лейла Маратовна

Субанов Айбек Манасбекович

2023-жылдын 7-сентябры

22:20

Капаров Чынгыз Капарович

Аднаева Нургул Мажитовна

Булекбаев Эркин Касымович

Эсенаманов Мурат Кубанович

Тагаев Русланбек Таштанбекович

Ырсалиев Жамалбек Самарбекович

2023-жылдын 8-сентябры

22:20

Сооронбаева Нургуль Момуновна

Аттокур уулу Илимбек

Рысалиев Бактыбек Коржубаевич

Кермалиев Таалайбек Женишович

Ажыбеков Руслан Ажыбекович

Искендеров Жеенбек Урудинович