Ленин округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого шайлоо бюллетендери даярдалды

05 сентября 2023

«Учкун» ААКда 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону ѳткѳрүү үчүн шайлоо бюллетендерин даярдоо аяктады.

5-сентябрда даярдалган бюллетендерди КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына берүү жол-жоболору болду. Иш-чарага БШКнын тѳрагасы Н. Шайлдабекова, «Учкун» ААКнын башкы директору Б. Султанов, БШК жана Ленин округдук шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ЖМК ѳкүлдѳрү ж.б катышты.

КР БШКнын башчысы Н. Шайлдабекова ѳзүнүн сѳзүндѳ бюллетендерди сапаттуу жана ѳз учурунда даярдагандыктары үчүн «Учкун» ААКга ыраазычылык билдирди, мыйзамга ылайык добуш берүү күнүнѳ чейин 5 күн мурда басып чыгарылууга тийиш. Эми алар Ленин округунун шайлоо участкаларына жеткирилет.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» КР конституциялык мыйзамына ылайык 127 415 бюллетень даярдалган: кыргыз тилинде -63686, орус тилинде – 63729 бюллетень, 51 бюллетень Брайль тамгасы менен даярдалган. Шайлоо бюллетендери ЖМК ѳкүлдѳрүнүн, коомдук байкоочулардын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына ѳткѳрүлүп берилди, ал аларды Ленин округдук шайлоо комиссиясына ѳткѳрүп берди.

Бюллетендерди басып чыгаруу процессине туруктуу (күнү-түнү) мониторинг БШКнын мүчѳлѳрү жана аппаратынын кызматкерлери тарабынан ишке ашырылды. «Учкун» ААК басыуу цехинде жабдуулардын комплектиси жайгаштырылган, аларда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону ѳткѳрүү үчүн басылып чыгарылган бюллетендер тестирлѳѳдѳн ѳткѳрүлдү. Күзѳт жүргүзүүнү УКМК жана ИИМ кызматкерлери камсыз кылды.

Шайлоо бюллетендери коргоонун жогорку даражасына ээ, автоматтык эсептѳѳ урналары (АЭУ) ар бир бюллетенди таанып туруу үчүн алар атайын коргоочу боек менен боелгон.

04.09.2023-жылдагы абал боюнча Ленин округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 127 миң 315 шайлоочу киргизилген.

Шайлоочулар тууралуу маалыматтар шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталында чагылдырылып турат, бул курагы жана гендери боюнча, ошондой эле участкалар боюнча шайлоочулардын тизмеси жѳнүндѳ жарандардын эркин жана токтоосуз маалымат алуусуна мүмкүнчүлүк берет.