Урматтуу мекендештер!

30 августа 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт!

Эгемендүүлүк күнү баарыбыз үчүн жарандык биримдиктин, өлкөнүн учуру жана келечеги үчүн ар бирибиздин жоопкерчилигибиздин символу болуп саналат. Бул майрам Мекенибизди сүйгөн, анын тарыхын жана кылымдарды карыткан каада-салтын урматтаган, татыктуу келечеги үчүн эмгектенген бардык адамдарды бириктирет.

Бул көрүнүктүү күнү ар бириңизге чың ден соолук жана бакубат турмуш каалайбыз! Сиздерге алдыга койгон бардык пландарыңыздын ийгиликтүү ишке ашуусун, жаңы жеңиштерди жана жетишкендиктерди, туруктуу келечекке жана бакубат жашоого ишенүүнү каалайбыз!

Мамлекетибиздин келечеги кең болуп, жергебизде дайыма жакшылыктар мол болсун! Өлкөбүздө тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү болсун!

КР Борбордук шайлоо комиссиясы