Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоодо Ленин шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетенинин тексти бекитилди
24 августа 2023
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жанареферендум ѳткѳрүү боюнча борбордуккомиссиясы 24-августа кезектеги жыйынында 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо окуругунда ЖогоркуКеңештин депутатын кайра шайлоону ѳткѳрүүгѳбайланыштуу бир катар маселелерди карады.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча талапкерБалтабаев Абдивали Жакыповичтин ЖогоркуКеңештин депутатын кайра шайлоого катышууданбаш тартуу тууралуу арызынын негизинде анынкаттоосу жокко чыгарылды.
Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоодо№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнчашайлоо бюллетенинин тексти бекитилди. Шайлообюллетенин даярдоо «Учкун» ААК тарабынанжүргүзүлѳт. Чүчүкулакка ылайык үчүнчү болупсаналган А.Ж. Балтабаевдин шайлоогокатышуудан баш тарткандыгына байланыштуубюллетендеги үчүнчү сап толтурулбай калтырылат.
Ошондой эле БШК депутаттыкка талапкерАлмаз уулу Аскардын 59 ишенимдүү адамдарынкаттады.
