БШК 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти
18 августа 2023
Кыргыз Респбуликасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 18-августагы жыйынында 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Кѳл обулусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 3 шайлоо округун бекитүү сунуш кылынды.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-1-беренесине ылайык, ар бир шайлоо округу боюнча ар бир округда мандаттардын жалпы санынын 30 пайыздан кем эмеси аялдар үчүн резервге алынат.
Саруу айылдык кеңешинде мандаттардын саны – 21 (алардын ичинен аялдар үчүн – 9), УШКнын саны – 4.
3 шайлоо округу түзүлдү. Шайлоочулардын баары – 6039.
№ 1 «Саруу» шайлоо округу - 1864 шайлоочу, 7 мандат, алардын ичинен аялдар үчүн – 3 мандат;
№ 2 «Санаторий» шайлоо округу - 2312 шайлоочу, 7 мандат, алардын ичинен аялдар үчүн – 3 мандат;
№ 3 «Чабалдаев» шайлоо округу - 1863 шайлоочу, 7 мандат, алардын ичинен аялдар үчүн – 3 мандат.
