Борбордук шайлоо комиссиясы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кѳрсѳтүлгѳн 3 талапкерди каттоодон баш тартты
15 августа 2023
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 15-августагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 7-бѳлүгүнѳ ылайык талапкерди каттоо үчүн зарыл документтерди бербегендигине байланыштуу №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 3 талапкерди каттоодон баш тартты.
Алсак, тѳмѳндѳгүлѳрдү каттоодон баш тартылды:
- Ремнёв Роман Павлович (КМ 61-бер. 1-б. 1-п. ылайык – жогорку кесиптик билими жѳнүндѳ документинин жана шайлоо күрѳѳсүн тѳккѳндүгүн тастыктаган документинин нотариуста күбѳлѳндүрүлгѳн кѳчүрмѳсүн бербегендигине байланыштуу);
- Нышанов Назарбек Айтбекович (КМ 61-бер. 7-б. 5-п. ылайык - шайлоо фондусун түзбѳгѳндүгүнѳ жана шайлоо күрѳѳсүн тѳккѳндүгүн тастыктаган документин бербегендигине байланыштуу);
- Якубов Ильязбек Абдувалиевич (КМ 61-бер. 7-б. 1-п. ылайык - шайлоо күрѳѳсүн тѳккѳндүгүн тастыктаган документин бербегендигине байланыштуу).
Чечим талапкерлер, саясий партиялар берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшщерүү боюнча жумушчу топтун сунуштамасынын негизинде кабыл алынган, жумушчу топ кѳрсѳтүлгѳн талапкерлер «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык документтерин бербегендиги боюнча корутунду чыгарган.
