КР БШК Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп тааныды

18 июня 2023

2023-жылдын 28-майында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо ботлуп ѳттү.

2023-жылдын 16-июнунда Борбордук шайлоо комиссиясы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжаларын белгилѳѳ боюнча жыйынтыктоочу жыйын ѳткѳрдү.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесине ылайык «Борбордук шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрөт, анда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү тартип бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык арыздарды (даттанууларды) карайт, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат».

Жыйында мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде келип түшкѳн 28 арыз, даттануулар жана билдирүүлѳрдү кароонун натыйжалары боюнча ЫТЭКТ маалыматы угулду, алар Борбордук шайлоо комиссиясынын жана укук коргоо органдарынын компетенциясынын алкагында каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынган.

УКМК ББ ѳкүлү А.А. Адилбеков талапкер И.Э. тарабынан бузуулар жѳнүндѳ калган 2 билдирүүнү текшерүү аяктаганы, кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жѳнүндѳ чечим кабыл алынгындыгы тууралуу баяндады.

Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары А.О. Мамыров шайлоонун жүрүшүндѳ бузуулар боюнча прокурордук кѳзѳмѳл жүргүзүү жана укук коргоо орагандары тарабынан кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу тууралуу баяндады.

ЫТЭКТ маалыматы боюнча, талапкерлер Н.Д. (ИИМББ) жана С.У. (УКМК ББ) карата КЖК 196-беренеси боюнча козголгон эки кылмыш иши боюнча (добуштарды сатып алуу) тергѳѳ улантылып жатат.

Ушуга байланыштуу БШК тѳрагасы КР БШК тарабынан шайлоо мыйзамдарынын алкагында мурда ИИМББ жана УКМК ББ материалдарынын негизинде аталган талапкерлерге карата конституциялык-укуктук жоопкерчилик чаралары каралганын – талапкерлер Н.Д. жана С.У. катоосу жокко чыгарылганын белгиледи.

Аталган талапкерлерге карата ишти андан ары кароо ыйгарым укуктуу органдар тарбынан жазык сот ѳндүрүшүнүн алкагында улантылып жатат.

 

 

Маалымат иретинде:

 

2023-жылдын 5-июнунда Бишкек шаарынын ИИББ келип түшкѳн материалдарынын негизинде БШКнын чечими менен «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 3-бѳлүгүнүн талаптарын (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) бузгандыгы үчүн депутаттыкка талапкер Н.Д. катоосу жокко чыгарылган, ушуга байланыштуу КМ 37-беренесине ылайык талапкер Н.Д. боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылган.

Талапкер С.У. каттоосу КМ 46-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык шайлоо фондусун жүргүзүүнүн эрежелерин бузгандыгына байланыштуу жокко чыгарылган.

 

Талапкер Н.Д. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 5-июндагы № 123 чечимине соттук тартипте даттанган. Сотко даттанылгандыгына байланыштуу КМ 45-беренесине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын белгилѳѳ мѳѳнѳтүн токтото турган.

2023-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарынын Административдик соту, 16-июнунда Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын аталган чечимин мыйзамдуу деп тапты жана күчүндѳ калтырды.

Конституциялык мыйзамдын 37-беренесинин 6-бѳлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, эгерде талапкер (талапкерлер), саясий партиянын (партиялардын) талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүлөрдүн анык эмес деп таанылган жыйынтыктары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыса Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп тааныйт.

Ленин округдук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 31-майындагы протоколунун маалыматтары боюнча 51 шайлоо участкаларында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого катышкан шайлоочулардын жалпы саны 17 425 шайлоочуну түзгѳн. Алардын ичинен талапкер Н.Д.А. үчүн 6185 шайлоочу (36,02%) добуш берген.

Ушуга байланыштуу талапкер Н.Д.А. боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы анык эмес деп таанылганы добуш берүүгѳ катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтѳн биринен кѳбүн түзгѳндүгүн эске алып, Борбордук шайлоо комисстиясы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп таануу жѳнүндѳ токтом кабыл алды.

 

Конституциялык Мыйзамга ылайык, эгерде шайлоо анык эмес деп таанылган учурда, бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы кайрадан шайлоону дайындайт, ал эки айлык мѳѳнѳттѳ ѳткѳрүлѳт.

 

Конгституциялык Мыйзамдын 38-беренесинин 2-бѳлүгүнүн талаптарына ылайык “Кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда, иш аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу орунга талапкерликке көрсөтүлүшү мүмкүн эмес”.

БШК мүчѳлѳрү шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп таануу үчүн негиз болгон аракеттер үчүн материалдык жоопкерчиликти караган мыйзам сунуштарын иштеп чыгуу жѳнүндѳ БШКнын кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун жетекчиси И.Т. Гайпкуловдун сунушун жактырышты. Мыйзамдарга түзѳтүүлѳрдүн тийиштүү долбоору андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш кылуу үчүн шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топто талкууланмакчы.

 

БШКнын маалымат бѳдүмү