БШК: Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө одоно мыйзам бузуулар катталган жок
27 мая 2023
2023-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топтун жетекчиси, КР БШКнын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровдун No 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү мезгилинде келип түшкөн сигналдар боюнча маалыматы угулду.
Билдирүүгө ылайык, аталган шайлоо өнөктүгү башталгандан бери БШКнын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна беш сигнал келип түшкөн: шайлоо өнөктүгүнүн алкагында үгүт иштеринин шарттарын бузуулар жөнүндө – үч жана шайлоочулардын добушун сатып алуу ыктымалдыгына байланыштуу – эки арыз-даттануу келип түшкөн.
Бардык сигналдар өз компетенциясынын чегинде кароо жана укуктук баа берүү үчүн дароо укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.
Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын тергөө кызматынын башчысынын орун басары У.И. Токтогонов бардык сигналдар боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү чечимдер кабыл алынганын билдирди.
Бишкек шаарынын Ленин районунун прокурору Ш.А. Кожомбердиев прокуратура мыйзамдардын талаптарын сактоо жана жарандардын шайлоо укуктарын коргоо максатында тергөө органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн өз убагында текшерип жаткандыгын белгиледи.
БШКнын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобунун башчысы белгилегендей, бул шайлоодо мурдагы шайлоо өнөктүктөрүнө салыштырмалуу мыйзам бузуу фактылары кыйла аз катталды.
Т.У.Шайназаровдун айтымында, мындай жетишкендикке жетүү үчүн Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун өз убагында реакция кылуусу жана анын курамындагы ведомстволордун өз ара тыгыз аракеттенүүсүнүн эффективдүү алгоритми өбөлгө болгон.
Маалымат үчүн: шайлоо мыйзамдарын бузуулар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынын “Рестрлер” бөлүмүнөн таба аласыз (шилтеме: https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob- i-narushenij-na- dosrochnyh-vyborah-26-28-maya-2023-goda/)
