Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыгына талапкерлердин үгүт иштери старт алды

08 мая 2023

2023-жылдын 8-майында Бишкек шаарынын №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо өнөктүгү башталды, ал 2023-жылдын 27-майында саат 8:00дө аяктайт.

Бул убакыт аралыгында үгүт иштери төмөнкүдөй ишке ашырылат:

•  Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;

•  Үгүт багытында коомдук иш-чараларды өткөрүү аркылуу (митинг, чогулуш, теледебаттар), бирок калктуу конуштардын спорттук аянтчалары менен көчөлөрүндө концерт, театрлардаштырган оюн-зоокторду жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат;

•  басма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен;

•  Конституциялык мыйзамда тыюу салынбаган башка формаларда;

Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутатын шайлоо 2023-жылдын 28-майы, жекшемби күнү өтөт.

Шайлоого 32 талапкер катталды. Талапкерлердин тизмеси төмөнкү шилтемеде:  https://shailoo.gov.kg/ru/news/6669/

Талапкерлердин катышуусундагы теледебаттар 2023-жылдын,  22-майынан  25-майына чейин УТРКда өтөт.

Талапкерлердин катышуусундагы дебаттардын графигин ылдыйдагы шилтеме аркылуу табасыз: https://shailoo.gov.kg/ru/news/6674/

Шайлоочулар жана талапкерлер башка  кошумча маалыматтар менен БШКнын маалыматтык ресурстарынан да тааныша алат:

- Шайлоо тилкелериндеги шайлоочулардын актуалдуу тизмеси менен таанышууга мүмкүндүк берген «Тизме» мамлекеттик порталы  https://tizme.gov.kg/;


- «Шайлоо тилкелери жана аймактары» геомаалыматтык системасы
https://gisuiktec.shailoo.gov.kg/Map;

- автоматташтырылган башкаруу тутумдарына жана кол менен эсептөөгө ылайык шайлоочулардын катышуусун жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын карап чыгуу үчүн иштелип чыккан Кыргы Республикасынын  маалыматтык тандоо системасы аркылуу https://newess.shailoo.gov.kg/ru/home;

- шайлоолор жана референдумдар боюнча статистикалык маалыматтарды камтыган «КР БШКнын ачык маалыматтары» веб-ресурсу https://shailoo.gov.kg/ru/otkrytye-dannye-cik/;

КР БШК маалымат бѳлүмү