КР БШКнын 2023-жылы 5 - майда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
05 мая 2023
Өткөрүү датасы: 5-май 2023-ж.
Убактысы: 17.30
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. №26 Ленин бир мандатуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Бекназаров Руслан Азимбековичти каттоо жөнүндө
(баяндамачы –Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
2. Бишкек шаарынын Ленин районунун №1013 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” № 118 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы –Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
4. Ар кандай маселелер
