Конституция күнү менен!

05 мая 2023

Урматтуу кыргызстандыктар!

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгы менен куттуктайм.

1993-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу эгемендүүлүк менен кѳз карандысыздыкты бекемдеп, демократиялуу, укуктук, светтик, унитардык, социалдык мамлекетти куруунун негизин түптѳп, адам укуктары менен эркиндиктерин Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктары катары таануу менен ѳлкѳнүн ѳнүгүүсүнүн жаңы этабын даңазалады.

2021-жылдагы конституциялык реформанын алкагындагы ѳзгѳртүүлѳр мамлекеттик башкаруу системасын андан ары ѳркүндѳтүүнүн жана элдердин биримдигин бекемдѳѳнүн курсун аныктады.

Конституцияда эл бийлигинин негизги принциптери жана эл бийлигинин улуктугу аныкталды: Кыргызстандын эли – эгемендүүлүктүн ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы жана ѳзүнүн бийлигин түздѳн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу ишке ашырат.

Кыргыз Республикасынын негизги мыйзамы ошондой эле демократиялык шайлоо системасынын негиздерин түптѳдү, шайлоолор эркин болуп саналат жана жашыруун добуш берүү менен жалпы тең укуктуу жана тике шайлоо укугунун негизинде ѳткѳрүлѳт.

Кыргыз Республикасынын ар бир жараны улутуна, тилине жана диний ишенимине карабастан мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга укугу бар, түздѳн-түз, ошондой эле ѳзүнүн ѳкүлдѳрү аркылуу коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга катышууга укуктуу.

Өткѳрүлгѳн шайлоо системасын реформалоонун алкагында кабыл алынган чаралар Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген жарандардын ѳз мүдѳѳсүн эркин билдирүү үчүн шарттарды камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берди, бул демократиялык ѳнүгүү жолунда биздин ѳлкѳнүн маанилүү жетишкендиктери болуп саналат.

БШК Конституциянын нормаларын жана жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну андан ары ѳркүндѳтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай бермекчи.

 

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Конституцияда бекемделген жалпы улуттук баалуулуктарды жана принциптерди урматтоо жана сактоо, ошонун негизинде демократиялык укуктук мамлекетти куруу, гүлдѳп ѳнүгүүнүн жана прогресстин негизи катары элдердин биримдигин жана ырашкерлигин бекемдѳѳ биздин жалпы жарандык парзыбыз болуп саналат.

Бүгүнкү майрам күнүбүз Мекенибизди кѳздүн карегиндей туткан, анын тарыхын жана кылдымдарды карыткан салттарын барктап баалаган, анын жаркын келечеги үчүн жан үрѳп иштеп жаткандардын баарынын башын кошо берсин.

Сиздерге бекем ден соолук жана бакубат турмуш, бейкутчулук жана ынтымак-ырашкерлик, Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн жигердүүлүк каалайбыз!

 

 

 

БШК тѳрагасы Н. Шайлдабекова