Эки талапкер № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө өз арыздарын чакыртып алышты

24 апреля 2023

Төмөнкү эки талапкер № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө буга чейин берген өз арыздарын чакыртып алышты:

Иманкулов Бекзат Муратович (талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берген датасы: 05.04.2023);

Шапанов Нурлан Нуркамилович (талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берген датасы: 20.04.2023).

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү