№ 26 Ленин округу боюнча КР ЖК депутатын шайлоодо бир талапкер өз арызын чакырып алды

12 апреля 2023

2023-жылдын 10-апрелинде өзүн-өзү көрсөткөн Иманкулов Бекзат Муратович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо өз талапкерлигин чакырып алуу жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды.

Буга чейин 2023-жылы 5-апрелде БШКга 2023-жылдын 28-майында өтүүчү № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө талапкер Иманкулов Бекзат Муратовичтен (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз түшкөн.

Шайлоого күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а. 2023-жылдын 25-майына чейин (кошуп алганда) талапкер андан ары шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылууга укуктуу экендигин эске салабыз.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү