БШК жарандарды добуш берүүгѳ катышууга жана жергиликтүү кеңештерге ѳздѳрүнүн ѳкүлдѳрүн шайлоого, шайлоолордо жарандык позициясын кѳрсѳтүүгѳ чакырат.
09 апреля 2023
Бүгүн 2023-жылдын 9-апрелинде Баткен, Талас, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо ѳткѳрүлүп жатат.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды шайлоолордо ѳздѳрүнүн жарандык позициясын билдирүүгѳ чакырыт.
Маалымат иретинде:
Жергиликтүү кеңеш – бул жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органы, анын ыйгарым укуктары тийиштүү аймакка жайылтылат.
Жергиликтүү кеңеш 4 жылдык мѳѳнѳткѳ шайланат жана жергиликтүү маанидеги мына мындай маселелер үчүн жооп берет:
-
Аймакты экономикалык ѳнүктүрүү;
-
Муниципалдык менчикти башкаруу;
-
Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана канализациянын иштешин камсыз кылуу;
-
Жолдордун жана жарык берүүлѳрдү иштеп урушу;
-
Кѳрктѳндүрүү жана коомдук транспорттун иштеши;
-
Турмуш-тиричилик калдыктары менен иштѳѳ жана жарнактарды жайгаштыруу;
-
Курулуш жана жерди пайдалануу;
-
Коомдук тартипти коргоо жана эс алууну уюштуруу жана жергиликтүү маанидеги башка маселелер.
Урматтуу шайлоочулар!
Жергиликтүү кеңештердин депуттарына добуш берүү менен Сиз жакынкы 4 жылда Сиздин айылда турмуш кантип уюштуруларын тандап аласыз!
Сиздин тандоо – биздин жалпы келечегибиз!
