Жергиликтүү шайлоо - 2023: Шайлоолорду даярдоонун бүткүл мезгилинде биринчи жолу бузуулар жѳнүндѳ бир гана билдирүү катталды

09 апреля 2023

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун алдында БШКда КР БШКнын тѳрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровдун тѳрагалыгынын астында Ыкчам таасир этүү координациялык тобунун (мындан ары – ЫТКТ) кеңешмеси болуп ѳттү.

Кеңешмеде 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Ош, Баткен, Чүй, Талас жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо мыйзамдуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Кеңешмеге Ыкчам таасир этүү координациялык тобунун мүчѳлѳрү: Ош, Баткен, Чүй, Талас жана Нарын облустарынын прокуратура органдарынын, улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкармалыгынын, ички иштер органдарынын жетекчилери, аймактык шайлоо комиссияларынын тѳрагалары катышты.

КР БШК ЫТКТ жетекчиси жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча даттануу дээрилк болбогондугун, - 2023-жылдын 8-апрелине чейин болгону бир гана билдирүү түшкѳндүгүн белгиледи.

Бул шайлоолордогу бузуулар маселесине жарандардын (талапкерлердин жана шайлдоочулардын) позициясынын жана мамилесинин ѳзгѳрүлгѳндүгүн, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу боюнча укук коргоо органдары менен шайлоо комиссияларынын ийгиликтүү ѳз ара аркеттерин айгинелейт.

Шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам таасир этүү жана алдыдагы шайлоолордо кабыл алаынган чаралар жѳнүндѳ шайлоочуларга маалымдоо максатында март айында прокуратура органдарынын, улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкармалыгынын, ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун ѳзгѳчѳлүктѳрү», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу», «Шайлоо мыйзамдарын бузууда юридикалык жоопкерчилик» темасында тренинг ѳткѳрүлдү. Укук коргоо органдарынын кызматкерлине жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо мезгилинде бузууларды болтурбоо боюнча усулдук жана маалыматтык материалдар берилди.

Укук бузууларды алдын алуу максатында, аймактык жана участкалык щайлоо комиссияларында ЫТКТ мүчѳлѳрү тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алууларга жана административдик ресурстарды кыянатчылык менен пайдаланууга жол бербѳѳ жѳнүндѳ шайлоо процессинин субьекттеринин арасында маалыматтык иштер ѳткѳрүлдү. Ар бир АШКда жана УШКда ЫТКТ жѳнүндѳ, шайлоо мыйзамдарын бузуулар болгон учурда ЫТКТга кайрылуу үчүн алардын жайгашкан жери жана байланыш даректери тууралуу маалыматтардын бурчу түзүлгѳн.

У.Т. Шайназаров шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын натыйжалуу ѳз ара аракеттери шайлоолордун коопсуздугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылуунун маанилүү фактору экендигин белгилеп, биргелешкен күч-аракеттер менен жалпы максатка жетишүүгѳ – жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүүнүн мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыз кылынарына ишенгендигин билдирди.

 

Маалымат иретинде: Шайлоо мыйзамдарынын бузулуу факытылары боюнча шайлоочулар жана башка субьекттер үчүн БШКнын Ыкчам таасир этүүчү координациялык тобунун (ЫТКТ) байланыш каналдары:

- кыскача номери-1255;

- WhatsApp номери: 0707 01-12-55; 0990 04-12-55;

- ишеним телефону - 0312 62-62-46;

- электрондук дарек: kgor_cec@shailoo.gov.kg.

КР БШКнын коомдук кабылдамасы: 0312 66-02-40.

Даттануулар жана кайрылуулар реестри БШК атайын электрондук ресурсунан (https://shailoo.gov.kg/ru/registry/) ар бир адам шайлоо комиссияларына берилген даттануулар жана арыздар, аларды кароонун жүрүшү, алар боюнча кабыл алынган чечимдер, соттук актылар менен тааныша алат.


 

КР БШК маалымат бѳлүмү