КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

04 марта 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 4-мартындагы өткөн жыйналышында Түп, Ак-Суу, Базар-Коргон жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Мандат Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Мамытов Бактыбек Орозгелдиевичке өткөрүп берилди.

Мандат Ысык-Көл облусунун Талды-Суу районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Орозбаева Айзада Дуйшеновнага өткөрүп берилди.

Мандат Ысык-Көл облусунун Талды-Суу районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Мамытканов Бакыт Ракымжановичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное айылдык кеңешинин депутаты Апазов Адилет Усеновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Касымбеков Уланбек Усеналыевичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаты Ажиматов Курманбек Мажитовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Бейшенов Айбек Тыныбековичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаты Паязова Динара Омурзаковнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мамалиев Кубанычбек Бакытбековичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Умаралиев Санжарбек Маматмусаевичтин (№4, «Нур» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдукаримов Тохтасин Акбаржановичке (№7, «Нур» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү