БШК Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн ЖМКларды жана интернет-басылманы аккредитациядан өткөрдү
22 февраля 2023
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылы 22-февралда өткөн жыйналышында 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн 18 жалпыга маалымдоо каражатын жана интернет-басылманы аккредитациядан өткөрдү, анын ичинде:
- Телекөрсөтүү – 3 (үч);
- Радио - 5 (беш);
- Басма басылышы - 9 (тогуз);
- Интернет-басылма – 1 (бир).
Аккредитациядан өткөрүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылманын тизмеси
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
